|
Чыр түйүн Кочкор-Ата коркунучтабы?Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" Ачык Акционердик Коому чындыгында мамлекет үчүн маанилүү мекем болуп саналат. Анткени, стратегиялык продукция болуп саналган мунайды такай өндүрүп, киреше берүү менен алектенет. Жаңы жетекчиликтин айтымында, эгер иш ыргагын жөнгө салып, чөнтөкө соломойду жок кылса, жалпы түштүк өрөөнүн күйүүчү май продукциялары менен камсыз кылууга толук мүмкүнчүлүк бар. Анын үстүнө аталган мекеменин 85 % акциясы мамлекетте. Натыйжада өз өндүрүшүбүздү көтөрүүгө, калкты мунай каражаттары менен камсыз кылууга, жумуш орундарын сактап калууга, 20000миңден ашуун калкы бар Кочкор-Ата шаарчасын социадык кризике дуушар кылбай сактап калууга болот. Бирок, Бакиевдик режим учурунда ММКлар жазгандай " айтылуу Максимдин досу", азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Пирматов Исхак баштаган үркөрдөй топ андай мүмкүнчүлүктөн кур жалак калтырып жаткандай. Чырдын башы кайдан? Пирматов мырза өз кезегинде Кытайдан ZJ40J бургулоочу станокту "Юнитрейд компани" ЖЧКсы аркылуу 8млн.500 миң долларга баалап алдырган. Ошол кездеги түзүлгөн келишимге ылайык ( 294 07.10.2009 ж.) "Кыргызнефтегаз" ААКму менен "Юнитрейд компани" ЖЧКсы биргелешип иштөөгө, Майлы Суу IV - Чыгыш Избаскент участкасынан 5 мунайгаз өндүрүүчү скважинаны бургулап эксплуатациялоого макулдашкан. 5 скважинадан алынган мунай 8 млн. 500 миң АКШ долларынан кутулганга чейин "Кыргызнефтегаз" ААКму 30 %, ал эми "Юнитрейд компани" ЖЧКсы 70 % га ээ болуп бөлүштүрүлгөн. Ал эми карыздан кутулгандан кийин "Кыргынефтегаз" ААКму 60 %, "Юнитрейд компани" ЖЧКсы 40 % мунайгазды бөлүштүрүү тартиби менен эки жыл аралыгын болжогон. "Кыргызнефтегаз" бургулоочу станоктун акысын мунай менен төлөө үчүн анын тоннасын 275 АКШ доллары менен бычкан. Бирок, ошол кезде мунайдын өздүк наркы 313 АКШ доларын түзүп турган. Айтууга караганда, ошол учурда мунайдын бир тонна рыноктук баасы 415,87 АКШ долларын түзгөн. Эми окуянын кызык жагы, жаңы жетекчилик келээри менен дал ошол эле бургулоочу ZJ40J станогу Кытайда болгону 4 миллион АКШ долларына алса болоорун аныктап, алтургай өз адистерин жөнөтүп кураштырып жаткандыгын айтып чыкты. Кызыкчылык үчүн мурунку жетекчилик түзгөн келишим менен кийинки жетекчилик түзгөн келишимди таап салыштырып көрдүк. Чынында эле коендой окшош болгон эки станоктун тетиктерин, жол чыгымын, башка чыгымын кошкондо мурунку түзүлгөн келишим эки эсеге кымбат, тагыраак айтканда 2,6 эсеге жогору экендигине маани бердик (үлгүлөрү таблицада көрсөтүлгөн) Андан сырткары эске алчу дагы бир жагдай, "Юнитрейд компани" өзүнүн үлүшүн алып келген станогу бургулаган 5 скважинадан алат, кокустан тиешелүү деңгээлде мунай чыкпай калса, анда "Кыргызнефтегаздын" башка мунай булактарына кол салып, баары бир өзүнүн тиешесин алып кетет. Мына эмесе, "биринчи биздин келишимге ылайык казып көрөлү, болбой калса өзүңдүкүн бере бер". Ушундай кызыктай келишим түзүлүптүр. Жөнөкөй эле карап көрсөк, "мына сага кайырмак, балык кармасаң карма, кармай албасаң өзүңдүн балыгыңды бересин, балыка жемди да өзүң тап", дегендей эле кеп.Мекеме чынында эле жалпы жашоочулардын эң башкы каражат булагы болуп эсептелет. Анткени, 2000дей тургундун ар бири бул ишканадан айлык алып, үй-бүлөсүн багат. Өмүрүнүн дээрлик жарымын кара майга арнаган геологдор Асылбек Таштемиров менен Абдилла агай темирден мурун күйүп-бышып станоктун иштебей тургандыгын, эгер сот иштери оң жагына чечилсе канчалаган пайда алып келээрин саймедиреди: Абдилла Жусупов, Кыргыз бургулоо иштер башкармачылыгынын башкы инженери: Мурдагы жетекчилик алып келген бургулоочу станок эл аралык стандартка туура келет. Болгону баасы 8,5 млн. доллар деп кымбат бааны айтып орнотушкан. Азыркы жаңы жетекчилик дал ушундай эле станок 3 млн. 724 миң доллар тураарын, ал турсун, заводдон түз алып келүүгө макулдашыптыр. Бул тууралуу биздин ал жакка ( кытайга) барып келген адистер кабарлашты. Наркы кымбат келген техниканы көргөндө алгач сүйүнгөнбүз. Көрсө мурдагылар " Юнитрейд" деп аталган компания аркылуу туура эмес келишим түзүп, наркын өйдөлөтүп айтышыптыр. Асылбек Таштемиров, Кыргыз бургулоо иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары: Чырга айланып жаткан бул жаңы станокту 17 жүк ташуучу унаа менен алып келишкен. Баасы өтө кымбат болгондуктан " Юнитрейд" компаниясына кат жөнөткөнбүз.. "Алып кеткиле, же болбосо өз баасында саткыла, кеткен чыгымыңарды да төлөп берели деп. Эмдигиче жообун бербей атышат. Мында иштеген жумушчулардын кеми он беш жылдык тажрыйбасы бар жергиликтүү тургундар. Экинчи тарап болуп, каршылаш чыгып аткан мурунку жетекчилик нефти өндүрүү иштери солгундап кетти деген маалыматтарынан улам чын-чынына келгенде андай эмес экендигин ал жердеги жумушчулар да тастыкташат. Камчыбек Кадыров, Кыргыз бургулоо башкармасынын бургулоо бөлүмүнүн жетекчиси: Учурда кыргыз нефтинин финансылык абалы кыйла жакшы. Жаңы жетекчилик тетиктердин кымбат экендигине карабастан сатып берип атат. Бургулоо иштери токтогон жок. Мурдагы жетекчилик учурунда биз 13- айлыкты ала албай калдык эле. Муну менен катар квартал сайын берилүүчү компенсацияны алып салган. 7-апрелден кийин келген жаңы жетекчилик учурунда кошумча жөлөк пулдарды ала баштадык. 13-айлыкты дагы берилди. Кыскасы, иш токтобостон өз нугунда уланууда. Азизбек Шаболотов, мастер Нефти өндүрө алалбай калышты деген жөн эле куру сөз. Мурда кандай өндүрсөк иш ошондой эле темпте. Мен билгенден эски доордо ар бир тетик өз наркынан бир кыйла кымбат баада келчү. Сөздү көбөйтүп эмне кыласыңар, мен мындай эле түшүндүрүп айтайын, мурунку жетекчилик учурунда (башындагы каскасын чечип колуна алып) мына менин каскам 100 сом турса, аны 1000 сом деген баа менен алып келишчү, аны бардыгыбыз эле билип жүрчүбүз, бирок чоң деген чоң экен, өз эркинче иштеди да Чынгызбек геолог Эмгек жамаат азыркы жетекчиликти колдойт. Мурда айлык жагынан кысым болуп, кыскартуулар көп болгон. Учурда кызматкерлер эркиндикти сезишти. Ал эми жанагы талашка түшкөн станок тууралуу ар кандай кептер жүрүүдө. Бул кыргыз нефти газды банкротко алып бара турган эле нерсе. Себеби, иш ушул жагдайда уланса жумушчулар айлык ала албай калышы ыктымал. Эгер соттор адилет чечим чыгарбаса 2000ден ашуун эмгек жамааттын убалына калышат. Баса маектештер "Учур" гезитинин ушул жылдын 25-ноябрында чыккан тогуз адамдын "Рейдерлик жол менен тартып алганы жатышат" деген кайрылуусундагы адамдардын тогузунан сегизинин аты-жөнү негизсиз жазылып калганын айтышты. Алардын бир тобу эч кандай жаңы жетекчиликтин үстүнөн арызданбагандыгы тууралуу тил кат жазып бергендигин, айрымдары жумуштан шалаакылыгы үчүн алда качан эле кеткендиги тууралуу буйруктарды кагаз түрүндө бизге көрсөтүштү. Мен аталган кайрылууга, дооматка таптакыр тиешем жок, кол койгон эмесмин" деген тил каттар чынында эле бадырайып жазылып турат. Андан сырткары арызданган адамдардын айрымдарынын жумушка кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн берене аркылуу бошотулгандыгы жана өз ыктыяры менен арыз жазып кеткендиги тууралуу буйруктар да бар. Иши кылып түшүнүксүз оюндар. Бирөөнүн колун жасалма койгондугу үчүн эч ким жоопко тартылбашы керекпи? "Юни Трейд компани" менен "Кыргызнефтегаз" ААКунун "чырлуу станоктон" башка келишимдерин да тыкаат карап чыгуу айтпаса да белгилүү болуп калды. Жаңы жетекчиликтин колуна тийген беш келишимде нефть өндүрүүдө керек болгон тетиктер менен химиялык заттарды алып келүүгө болгон макулдашуулар көрсөтүлгөн. Интернеттен карап бааларды салыштырып көрсөк эмнегедир ошол кезде "Юни Трейд компани" ЖЧКсы каражаттардын бааларын өтө эле асмандатып жиберген. Байыш аттуу жигит кагаздарын ирээттеп жаткан экен, мурунку доордо да, азыркы доордо да эсеп иштери менен алек болуп келгендиктен аягына чыкпай жаткан чыр боюнча оюн угууга дилгирлендик. Байыш ишти эсептен баштады. Чубактын кунундай чубурган станоктун чыры келгенде 515 миң сомдук тетиктер жок болуп чыккандыгын айтып, ага мурунку жетекчилик "чечебиз, кабыл ала бергиле" дегендей мамиле кылып койгондугун айтат. Андан сырткары, өз кезегинде бензиндин баасы орто эсеп менен 28 сом болуп жатканда, мекеменин бензини негедир эки-уч эсе арзанга сатылгандыгын да белгиледи. Байыш Түркмөнов, Кыргыз нефти газдын бухгалтеринин орун басары: Мурдагы жетекчилик алып келген станок 515 миң сомдук тетиктери жок чыгып болуп чыкты. Адырга алып барганда мастер мен муну албайм деп айткан. Бирок, жетишпеген нерселерин алып келебиз таризинде Пирматов кыстоо менен койдурган. Ал эми жанагы келишим тууралуу айта турган болсок Юнитрейд боюнча келишим бир тараптуу экен. Кезегинде булар куйуучу майды 7,5-8 сомдон сатып, көз боемочулук кылышкан. Себеби, компания деле өздөрүнүкү да. Ошол учурда бензин менен солярка 30 сомдон ылдый болгон эмес. Демек, орто жолдон далай акчаны жеп койгондору ачык эле билинип турбайбы. Эми бул маселеге сот гана чекит коеру белгилүү. Тилекке каршы азыр айрым соттор жылдыз төлгөчүсүндөй эле болуп калгандыгы өкүнүчтүү, аба ырайына карап иш кылып калбадыбы. Күн кайдан чыкса ошого жараша иш болот. Жумаш Назаров | WebMoney кошелек: Z189154646502 R429713653063 |
|
Алган материалга шилтеме бериңиз! ◄ © J.Janyzak, Kyrgyzstan ► Ссылки на взятые статьи обязательны! |
| |||||||