Меймансап

Архивден изде:



Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Макаланы англис тилинде бул жерден тапса болот:
"What's going on?"

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын, саясий партиялардын жетекчилери Москвага ат тезегин кургатпай каттап калышты. Москвадан болсо Бишкекти карай жол алган даражалуу саясатчылардын саны да арбыды. Россия Федерациясынын Президенти Дмитрий Медведев кече жакында эле "парламенттик башкаруу Кыргызстанга жана Орусияга да "катастрофа" болот" деп, бирок Кыргызстан бул чечиминен кайтпаганын көруп, болочок премьер-министр болуп калчу саясатчылар менен иштешүүнү тура көргөн сыяктанат. "Ар-намыс" партиясынын жетекчиси Феликс Кулов өткөн жумада Президент Медведев менен жолугушса, андан көп өтпөй "Республика" партиясынын жетекчиси Өмүрбек Бабанов, Медведевдин аппарат башчысы менен жолугушуп кайтты. Карап туруп, Кыргыз саясатчыларына "Кремлде кыйын көзу ачык пайда болуптур, парламенттик шайлоонун жыйынтыгын так айтат имиш, ал эле эмес, шайлоодо утканга жол ачып да берет экен" деген имиш таркагандай. Же мүмкүн Орусия Кыргызстандын сегизинчи облусу жана өтөө маанилүү шайлоо округу болуп калганбы, айтор саясатчылар чымын куюн эле болуп Бишкек-Москва-Бишкек маршрутунда.

Апрелдеги Революциядан кийин бийликке келген саясатчылар Орусиядан жардам алгандарын же жардам күтүшөрун жашырбай келишкен. Июнь айындагы коогалаңдан кийин Орусия аскерлерин жөнөтүүдөн баш тартканы менен убактылуу өкмөткө жардам берүү үчүн жогорку деңгээлдеги кенешчилерин жөнөткөн. Ал эле эмес, революциядан көп өтпөй, Владимир Рушайло, Орусиянын атайы өкүлү болуп дайындалып ал Европа Уюму, ОБСЕ, БУУ жана ушуга окшогон уюмдардын Кыргызстанда атайы өкүлдөр батальонуна кошулган.

Президент Отунбаева Нью-Йоркто БУУна болгон сапарында берген интервьюсунда, коррупцияны жоюу максатында, америкалык базага май ташууну жеке келишим менен май ташыган америкалык компаниялардын ордуна Кыргызстан жана Орусиянын биргелешкен улуттук компанияларына өткөруп берүүну тура көрөрүн айтып кеткен. Албетте америкалыктарга жагымсыз боло турган бул жаңылыкты, кантсе дагы көп жылдар бою элчи болуп иштеп келген Отунбаева айым, "мындай кадам Обаманын Орусия менен Америкалыктарды "жакындаштыруу" боюнча саясатына төп келет" деп жасалгалап кеткен. Башкача айтканда, ортомчулардан арылышыбыз керек дегени менен, Кыргызстанды Америка менен Орусиянын мамилелерин оңолтууга ортомчулук кылууга даяр деп тушунсө болот. Ооба, саясий оор кырдаалда өзү араң турган өлкөнү Вашингтон менен Москва эле ортомчу болуп берсе экен деп күтүп турат. Ал тургай, бири болбосо экинчиси жагдайдан пайдаланып бири бирин сызга отургузсак дегенден кайра тартышпаса керек. Канткен менен: Эки пил урушса, орто жолдо чөп уйпаланат деген сөз бекеринен айтылбагандыр.

Дагы бир айта кетчү кызык нерсе, Кыргызстандагы Бириккен Орус Аскерлик Базасы боюнча Кыргызстан менен Орусиянын сүйлошүүлөрү жыйынтыксыз аяктады. Угушубузча, эки жаат базанын баасы боюнча келишимге келе албай, парламенттик шайлоолордон кийин сүйлошүүлөрдү улантууну чечишкен. Меморандум болсо 2011 жылдын март айында кол коюлуп бекитилет деп үмүттөнүшүүдө.

Орусия канткен менен, өрөөндө 70 жылдан ашык тажрыйбасы бар болгондугу учун Орто Азиядагы эркиндикти сүйгөн көчмөн элдердин ишенимине кантип кирүүну билишет. Өткөн окуялар көрсөтүп кеткендей келечекте Кыргызстанда Орусия аскер болобу, экономика же башка чөйрө болобу, башка өлкөлөргө караганда артыкчылык рол ойнойт тургандыгы арийне. Эмне үчүн дегенде, өткөн өкмөт болсун же азыркы өкмөт болсун, эл башындагылардын көбу Советтер союзу убагында Орус шаарларында окуп билим алган, бир тилде сүйлөп, бир системада, жада калса бир конторлордо чогуу иштешип такшалган кызматкерлер экендиги анык. Башкача айтканда, бири биринин оюн айттырбай түшүнүшүп, жана иштешип кетүү амалдарын жакшы билишет. Бирок азыркы эски система дагы убакытка моюн сунуп кадрлардын жетишпестигинен бара бара өзгөрүүлөргө учураары далил. Советтер союзунан кийин өскөн, Орусия эле эмес башка өлкөлөрдөн да билим алган, бир өлкө эмес бир дүйнө менен кошо тең өсүп келе жаткан жаңы муундар дагы бийликке аралашып саясатты башка нукка салып кетүүсү ыктымал. Андыктан, Орусия дагы бир тилде сүйлөйбүз деп маашыркаланбай, жеке саясатчылардын гана эмес Кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлоп иш алпаруусу керек.

Ал эми АКШ жөнүндө айта кетсек, Кыргызстандын эли акыркы кезде бул өлкөгө нааразы болуп келуудө. Өзгөчө көйгөй туудурган маселе, бул: " Эмне үчүн Америка көрүп билип туруп коррупцияга мойнунан ылдый матырылган өкмөттөр менен иштеше берет? Демократия жана адам укугун туу көтөргөндөру кайсы?" деп туура суроо салышат. Ошондуктан, Америкага улам улам айтылып келген кеңеш бул: барган өлкөлөрдө соодалашып акчасын сапырып кете берүүнун ордуна, элдин ишенимине канткенде татый алабыз, канткенде чыныгы демократиялык өзгөрүүлөрунө жардамадаша алабыз деген суроо коюп саясатын ошого жараша куруусу абзел. Кыргызстанда Америка чырсыз көбүрөөк калганга кызыкдар болсо, өлкөнү убактылуу Афганистанга жол ачып берчү транзит катары гана эмес, маанилүү өрөөн катары карап жана Орто Азия өрөөнү боюнча кеңешчилеринин тажрыйбасын жакшыртуусу керек. Ал эми АКШ андай иш жүгүртө албаса, дагы да болсо "Кремлде даярдалган" деген күтүлбөгөн жана жагымсыз белектерди куурчак эл башчыларыбыздан күтө берсе болот.

Aidai Masylkanova
www.aidaika.wordpress.com

WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Чудо-книги
по
WEB-дизайну:

 • Простейшие способы создания сайта;
 • Изумительная методика создания видео_урока;
 • PHP и MySQL
для создания сайта - проще простого!



Сайт жасадыңызбы? Анда төмөнкү шилтеме
сайтыңызды бүт дүйнөгө таанытат:
Раскрутка 2.0
Курс валют
Курсы валют к сому




Издание книги за счет автора
Емейл и телефон
владельца сайта

Жанызака:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
ggle_h

Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!